Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Ош: Өзгөн акимин кызматтан кетирүү талабы коюлууда


«Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук төрагасы Керим Макеев «Азаттыкка» маалымдашынча, анын бир топ партиялаштарын Өзгөн районунун акими Байыш Жуманазаров куугунтуктап, а түгүл айрымдарын кызматынан жүйөөсүз бошоткон. Ошол себептүү «жаңы кыргызстанчылар» аймактын башчысын жумушунан кетирүү талабы менен президент Бакиевге кайрылуу жолдошту. «Эгерде өтүнүч орундалбаса, саясий акцияларды уюштурабыз», - деп кошумчалады партлидер Керим Макеев.

Өзгөн районунун акими Байыш Жуманазаров «жаңы кыргызстанчылардын» дооматы жалган экендигин белгилеп, кайрылуу боюнча териштирүү жүргүзөөрүн жана арыз ээлерин жоопкерчиликке чакыраарын билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG