Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

ЮСАИДдин медицина боюнча долбоорлору жыйынтыкталды


Саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетовдун билдиришинче, 1994-жылдан бери АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги бул тармакты реформалоо жаатында 3 долбоорду ишке ашырып келди. Бүгүнкү талкууда министр ЮСАИД менен болгон 15 жылдык кызматташуу аралыгында каражаттарды аймактарга бөлүштүрүү иштери турукташып, амбулатордук жана стационардык тейлөөлөрдүн деңгээли өскөнүн, коопсуз эне болуу программалары киргизилгенин, региондордо 276 айылдык ден соолук комитеттери түзүлгөнүн белгиледи.

“Саламаттык плюс” долбоорунун жетекчиси Шейла О Догерти долбоорлор жыйынтыкталганына карабастан, АКШ өкмөтү Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы кийинки реформаларды колдой турганын кошумчалады. Иш чаранын жүрүшүндө Шейла О Догертиге премьер-министр Игорь Чудиновдун атынан сыйлыктар тапшырылды. (AzK)

XS
SM
MD
LG