Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Күбөлөр И. Исаковго коюлган айыптоолорду четке кагышты


Коргоо министрлигинин каржы пландоо тармагынын башчысы Асылбек Байзаков жаңы жыл, 8-март майрамдарын, Мекенди коргоо күнүн майрамдоого каражаттар мыйзам чегинде бөлүнгөн деп билдирди. Ал сотто көрсөтмө берип жатып, мындай каражат салт катары көп жылдардан бери, азыр да бөлүнүп келе жатканын айтты. Ал эми Балыкчыдагы аскер бөлүктөн жүк ташуучу автомашина сатып алган Кантемир Мухамеджанов автоунааны 2008-жылы, август айында сатып алганын билдирди.

Белгилүү болгондой мурдагы коргоо министри И. Исаков 2008-жылдын май айында коргоо министрлигинен бошотулуп, Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган.

Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго кызмат абалынан пайдаланган, бюджеттик каражатты максатсыз сарптаган деген айыптар коюлуп, үч кылмыш иши ачылган. Кылмыш иштер Исмаил Исаков президенттин ички жана саясатына макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошотуу тууралуу өткөн жылы 10-октябрда арыз жазгандан кийин козголгон
Коргоо министрлигинин каржы пландоо тармагынын башчысы Асылбек Байзаков жаңы жыл, 8-март майрамдарын, Мекенди коргоо күнүн майрамдоого каражаттар мыйзам чегинде бөлүнгөн деп билдирди. Ал сотто көрсөтмө берип жатып, мындай каражат салт катары көп жылдардан бери, азыр да бөлүнүп келе жатканын айтты. Ал эми Балыкчыдагы аскер бөлүктөн жүк ташуучу автомашина сатып алган Кантемир Мухамеджанов автоунааны 2008-жылы, август айында сатып алганын билдирди.

Белгилүү болгондой мурдагы коргоо министри И. Исаков 2008-жылдын май айында коргоо министрлигинен бошотулуп, Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган.

Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго кызмат абалынан пайдаланган, бюджеттик каражатты максатсыз сарптаган деген айыптар коюлуп, үч кылмыш иши ачылган. Кылмыш иштер Исмаил Исаков президенттин ички жана саясатына макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошотуу тууралуу өткөн жылы 10-октябрда арыз жазгандан кийин козголгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG