Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Сооданы илгерилетүү долбоорунун 3-фазасы башталды


Долбоордун башкы максаты - өлкөдөгү экономиканын экспортточу тармактарын колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле кичи жана орто бизнестеги өнөр жайлар чыгарып жаткан продукциянын көлөмүн жана түрүн көбөйтүү болуп саналат. Жаңы фаза текстилдик жана тигүү өнөр жайларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга негизделген. Ал негизинен экспортко жана өлкөдөгү чыгарылып жаткан продукциялардын сапатын башкаруу боюнча инфраструктураны жакшыртууга түрткү берет. Долбоордун 3-фазасы Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланат. Ал 3,5 жылга эсептелип, жалпы бюджети 1,8 миллион долларды түзөт. Долбоор Эл аралык соода борбору тарабынан Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги менен кызматташуу чегинде аткарылат.(AzK)

XS
SM
MD
LG