Эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасында Женевада кездешти. Алар талкуулап жаткан жаңы келишим өзөктүк дүрмөттөрдүн санын чектөө боюнча 1991-жылы түзүлгөн келишимди алмаштыруусу керек. Ал документтин мөөнөтү быйыл аяктайт. Сүйлөшүүлөр АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Борбордук Европада орнотуу планынан улам ордунан жылбай келген. АКШ президенти Барак Обама Орусия катуу каршы чыккан ал планды өзгөртөөрүн быйыл сентябрда жарыялаган болчу.