Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:03

Президенттик институт түзүлөт


Бул институт Президенттик администрациянын ордуна түзүлөт. Анын курамына президенттик аппарат, президенттик катчылык, инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик агенттик, мамлекеттик коопсуздук кызматы, тышкы иштер министрлиги кирет. Мунун ичинде 40-50% кыскаруулар болот. Президенттик адмиинстрация менен кошо мамлекеттик катчы институту, Коопсуздук Кеңеши да жоюлат.

“Азыркы башкаруу системасына кабылган ар кандай билимдүү кадрлар көп өтпөй ошол эле системанын кезектеги бир бюрократ кадрына айланат. Мен мындай адамдардын айрымдарын жакшы билем, алар кызматка келгиче кандай адамдар эле, андан кийин кандай болуп өзгөрүштү” деп белгилеген президент азыр мезгилдин талабы менен аткаминерлердин чакан, ыкчам тобун түзүү зарылдыгы келип чыккандыгын билдирди. Мамлекет башчы аткаминерлердин 99% өзүнө көбүрөөк бийлик алууга тырышарын айтып, ошондуктан, мамлекеттик башкаруу реформасын өзүнүн айланасынан баштаганын белгиледи.(ZKo)

XS
SM
MD
LG