Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат


Бүгүн МАГАТЭ уюмунун Венадагы баш кеңсесинде бир тараптан АКШ, Франция, Орусия, экинчи тараптан Ирандын өкүлдөрү катышкан сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнү. Сүйлөшүүлөрдө Ирандын уранын өзөктүк реактордо колдонууга жарагандай кылып байытуу үчүн башка өлкөгө жиберүү боюнча сунуштун майда –чүйдөсү талкууланары күтүлгөн. Ирандын тышкы иштер министри Манучекир Моттакинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, анын өлкөсү өзөктүк технологияга болгон “мыйзамдуу жана айныксыз” укугунан эч убакта баш тартпайт.

Иран тышкы иштер министри ошондой эле азыркы сүйлөшүүгө Франциянын катышуусунун зарылдыгы жок экенин белгиледи.

МАГАТЭнин башчысы Мохаммед эл-Барадейи болсо Венадагы сүйлөшүүлөрдүн алгачкы күнүн “жакшы башталыш” деп мүнөздөдү.
Анткен менен “Ассошейтед пресс” агенттиги дипломаттарга шилтеме жазап, эки тарап сүйлөшүүлөрдө турумдарын билдирген соң аз эле нерсе анык болгонун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG