Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Тажик милициясы Ворух анклавынан төрт куралчанды кармады


“Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун тажик кызматынын маалыматына караганда, милиция кечээ Тажикстандын Кыргызстан аймагындагы Ворух анклавынан кармалгандар өткөн аптада Баткенде Кыргызстандын чегин бузган куралдуу топко байланышы бар деген ишенимде. 14нөн 15-октябрга караган түнү чек араны бузган куралчандар кайра Тажикстандын Ворух анклавына кирип кеткенден кийин кыргыз чек арачылары аталган анклавды курчоого алган.

Тажикстандын ички иштер министрлиги мурдараак 18-октябрда Исфарада өткөрүлгөн операция учурунда Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү деп шектелген төрт согушкер жок кылынганын билдирген. Кечээ Ворух анклавынан кармалгандар Исфарада жок кылынган согушкерлер менен байланышы бар - жогу азырынча так белгисиз.

XS
SM
MD
LG