Бул маселе орус президенти Дмитрий Медведевдин Белграддагы бүгүнкү бир күндүк сапары учурунда макулдашылды. Насыя боюнча макулдашуу жетишилгенинин серб президенти Борис Тадич Медведев менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин жарыялады. Бирок насыяны алуунун шарттары али такталуусу керек. Белград келерки жылга бюджет таңкыстыгын жабуу үчүн Москвадан 1,5 миллиард доллар өлчөмүндө насыяны быйыл июлда сураган.
Орус президентинин сапарына тушташ Белграддын көчөлөрүнө миңдеген полицей чыгарылып, шаардын басымдуу бөлүгү транспорт үчүн жабылды, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бир күндүк сапары учурунда орус президенти ошондой эле Белграддын нацисттик окупациядан советтик жана жергиликтүү күчтөр тарабынан бошотулуусун белгилеген салтанаттарга да катышат. Ал күнгө бүгүн туура 65 жыл толду.