Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Ооганстанда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтө турган болду


Өлкөнүн Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын өкүлү Нур Мохаммад Нур бүгүн билдиргендей, экинчи айлампа 7- ноябрга белгиленди.

Мунун алдында шайлоодогу укук бузуулар боюнча арыз –даттанууларды иликтеген, Улуттар уюму колдогон комиссия кечээ жарыяланган кортундусунда шайлоо учурундагы бурмалоолордун “ачык жана ишенимдүү далилдерин” тапканын белгилөө менен добуштардын бир бөлүгүн жокко чыгарган эле.

Шайлоонун баштапкы талаштуу жыйынтыгында азыркы президент Хамид Карзай 55%га жакын добуш алган. Бирок бурмалоолор иликтенгенден кийинки эсеп, Көз карандысыз комиссиянын өкүлү Нурдун айтымында, Карзайдын көрсөткүчүн 49,67%га түшүрдү. Карзайдын өзү болсо шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлүшүн колдоого алды:

-Биз Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын чечимин кубаттайбыз. Чечим мыйзамдуу, туура жана ооган конституциясына ылайык деп эсептейбиз. Биздин ишенимибизде ал өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына жооп берет жана Ооганстанды демократиялаштыруу жараянын чыңдайт.


АКШ президенти Барак Обама Карзайдын билдирүүсүн кубаттап, анын “демократиянын көздөй маанилүү кадам” деп атады. Карзай эми экинчи айлампада өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла менен атаандашат. Хамид Карзайдын экинчи айлампага дароо макулдук беришин БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун, француз президенти Николя Саркози да кубаттады.

XS
SM
MD
LG