Мындай кызмат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында ачылды. Аталган министрликтин маалымдашынча, азыр машыктырууга жарамдуу күчүктөр сатылып алынып аларды дасыккан адисттер үйрөтүп жатат. Былтыр Алайдагы Нура айлында ири жер титирөө болуп кыштак толугу менен кыйрап калган. Куткаруу-иликтөө иштеринде үйрөтүлгөн иттердин жоктугунан жер титирөөнүн курмандыктарына жардам берүү иштери кыйындаган. Ушундан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн түштүк, түндүк аймактарында кинологиялык кызмат ачууну чечкен. (EBM)