АКШнын Когрессинин чечимине ылайык, Гуантанамо түрмөсүндө терроризм үчүн айыпталып жаткан 220дай адамдын ичинде түрмө жабылганда бараар жери жоктордун ишин АКШнын Жогорку Соту карайт. Бул президент Барак Обаманын Гуантанамону жабуу боюнча планын тездетүүдөгү негизги кадамдардын бири катары аталууда. Обама түрмөнү келерки жылдын январына чейин жабууга сөз берген.