Бүгүн Бишкек гарнизондук сотунда оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковго байланыштуу соттук териштирүү улантыла баштады. Ишти судья Серик Абиев карап жатат. Бүгүнкү соттук териштирүүдө да күбөлөр суралууда. 19-октябрдагы сотто 10тегерегинде күбөлөр суралып, алар И.Исаковго каршы эч кандай көрсөтмө берген эмес.(AiT)