Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:45

ЕККУда эркин биригүү укугу талкууланууда


Бүгүн Бишкекте Борбор Азия регионундагы өлкөлөрдө эркин биригүү укугуна байланыштуу тегерек стол жыйын өтүүдө. ЕККУнун демилгеси менен уюштурулган жыйында жарандардын партия жана башка саясий уюмдарга эркин биригүү укуктарынын иш жүзүндө аткарылышына байланыштуу маселелер талкууланууда. ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Эндрю Тесорьер “Эркин биригүү укугу болмоюнча башка эркиндиктер маанисин жоготоорун” белгиледи. Тегерек столго Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөт жана парламенттеринин өкүлдөрү катышууда. Бул тууралуу ЕККУнун маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG