Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн жаңы структурасы карала баштады. Комитет мүчөлөрүнө ал тууралуу өкмөт башчы Данияр Үсөнов маалымат берүүдө. Ал жаңы структурада 14 министрлик, 7 агенттик, 7 кызмат жана 2 фонд болоорун белгиледи. Структура бейшемби күнү парламентте каралып, андан кийин президентке бекитилүүгө жолдонуш керек.(AiT)