Окуя 16-октябрда футбол мелдешинен кийин болгон. Жеңилип калган Бөкөнбаев атындагы орто мектептин окуучулары Худайбердиев атындагы мектептин футболчуларын токмоктошкон. Адам укугун коргоочу Азимжан Аскаров мушташтын айынан бир нече окуучу жараат алып, бирөө ооруканага жаткырылганын билдирди. Ал жергиликтүү тартип сакчылары мушташ чыгаргандар менен иши болбой, токмок жегендерди дарыгерлерге көрсөтүүнүн ордуна ички иштер бөлүмүндө кармашканын айтууда. Окуяны изилдеген облустук ички иштер башкармасынын өкүлү Ибрагим Шатманалиев өз кезегинде окуучулардын укугу милиция тарабынан бузулбаганын, ооруканага түшкөн бала оюн өткөн жерде эмес, башка жакта сабалганын, чатакка улуттук араздашуу эмес, окуучулардын бейбаштыгы деп баа берүү керектигин билдирди. (YA)