Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Түркия Армения менен түзгөн келишимдерди парламентке жиберди


Түрк өкмөтү Армения узакка созулган касташууну токтотууну максат кылган эки протоколду парламенттин кароосуна бергени тууралуу бүгүн жарым расмий “Анадолу” жаңылыктар агенттиги кабарлады. Эки өлкө бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин дипломатиялык мамиле орнотуу жана чек араны ачуу боюнча макулдашууга 10-октябрда кол койгон. Бирок келишимдер эки өлкөөдө тең улутчулдардын жана Түркияга диндеш, тилдеш Азербайжандын каршылыгын жаратты.

Биринчи Дүйнөлүк согуштун тушунда армяндардын Осмон империясы тарабынан массалык кырылуусун геноцид катары таанытуу максатында Армения жүргүзүп келген эл аралык өнөктүктөн улам Анкара Ереван менен дипломатиялык алака түзүүдөн баш тартып келген. Ошондой эле Тоолуу –Карабах чатагында Азербайжанга колдоо көргөзүү үчүн 1993-жылы Армения менен чек арасын жаап салган.

XS
SM
MD
LG