Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Эл аралык уюмдар казак сотунун чечимин сынга алышууда


Алар казак сотунун таанымал адам укугун коргоочуга карата чыгарган чечимин сынга алып жатышат. Адам укуктары боюнча казак бюросунун башчысы Евгений Жовтис адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы үчүн айыптуу деп табылып, төрт жылга соттолгон эле. Кечээ Алматы облусунун аппеляциялык соту алгачкы инстанциядагы соттун ошол өкүмүн күчүндө калтырды. Бирок Жовтистин кесиптештери жана жактоочулары анын соттолуусунун саясий жүйөөсү бар деп эсептешет. Адам укугун коргоочуга чыгарылган өкүмдүн күчүндө калышына бүгүн ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун башчысы Янеш Ленарчин камтамачылыгын билдирди. Ал эми “Фридом Хаус”, “Хьюман Райтч Уочт” уюмдары казак бийликтерин Жовтистин ишин кайра тергөөгө чакырышты.

XS
SM
MD
LG