Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Базарда иштеген балдар саламаттыгы текшерилүүдө


Бишкектин ири базарларында иштеген балдардын ден-соолугун Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун шаардагы бөлүмү бир катар бейөкмөт уюмдар менен бирге текшерип жатат. Аталган фонддун өкүлү Лариса Качыбекованын айтымында, Ош базарында жүздөн ашык бала текшерүүдөн өттү. Алардын көбүнө суук тийгени аныкталган. Тубаса жүрөк кемтиги менен ооруй турган бала да катталды. Мындай текшрүүлөр “Дордойдо” да жүргүзүлдү. (EBM)

XS
SM
MD
LG