Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

БУУ Балыкчы окуясына баа берет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бириккен Улуттар Уюмунун адам укугу боюнча Борбор Азиядагы өкүлү Фиона Фрейзер билдирди. Анын айтымында, азыр Балыкчы окуясы боюнча соттук териштирүүлөргө Улуттар Уюмунун өкүлү байкоо салып жатат. Сот аяктап чечим чыгарылгандан кийин уюм баа берет. БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Нил Волкер өлкөдө адам укугу начарлап кетти деген тынчсызданууларда негиз бар экенин айтты. Кыргыз өкмөтүнө Балыкчы жана Ноокат окуясы боюнча кабатырлануу билдирилгенин, өлкө жетекчилери эл аралык уюмдардын алдындагы милдеттерин аткарышы керектигин баса белгиледи. Расмий Бишкек адам укугу боюнча абал кыйындады деген дооматтарды четке кагууда. Балыкчыда президенттик шайлоо күнкү тополоңдо он тогуз адам камакка алынган. (EBM)

XS
SM
MD
LG