Өкмөттүн жаңы структурасын сунуштап парламентке премьер-министр Данияр Үсөнов келди. Бул структура 21-октябрда Жогорку Кенештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинде, үч фракцияда жактырылган. Комитеттин төрагасынын орун басары Автандил Арабаев өкмөттүн жаңы структурасын кабыл алууну сунуштады. Өкмөттүн жаңы структурасында үч вице-премьер-министр кызматы болот. Андан сырткары 14 министрлик, 7 агенттик, 6 кызмат жана 2 фонд болот. (AiT)