Бул жөнүндө Бириккен улуттар уюмунун Баңги заттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн соңку баяндамасында айтылат. Ага ылайык, Ооганстанда өндүрүлгөн апийимдин басымдуу бөлүгү Борбор Азия аркылуу Орусияга, Кытайга, Индияга жана Европага таркайт. Апийим героин өндүрүү үчүн колдонулат. “Баңги заттарды экспорттоо менен шугулданган талиптер жылына андан 160 млн. доллардай киреше табышат”, - деп айтылат докладда.