Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

ЕБ Өзбекстанга каршы санкцияларын алып салууга даяр


Брюсселдеги дипломаттардын айтымында, биримдикке кирген өлкөлөр Өзбекстанга курал-жарак сатууга эмбаргону алып салууга макул болуп жатышат. Өзбекстанга бул санкция 2005-жылы Анжияндагы массалык кыргындан кийин киргизилген эле. Бул жаңылык адам укугун коргоочулардын кыжырына тийет деп күтүлүүдө, анткени алар акыркы жылдары өлкөдө адам укуктарынын абалы жакшырбай жатканын айтып келишет.

Бирок Евробиримдик, тетирисинче, Өзбекстанда адам укуктарынын абалы жакшыра баштады деп эсептейт. Өзбекстан – Евробиримдик үчүн жаратылыш газы боюнча маанилүү экспортер.

XS
SM
MD
LG