Жогорку Кеңештин кароосуна өкмөттүн жаңы структурасы жөнүндө мыйзам долбоору коюлду. Депутаттарды долбоордо маданият министрлигинин жоктугу, анын агенттик болуп статусунун төмөндөшү, Социалдык фонддун каражаттарын салыкчылар топтошу тынчсыздандырууда. Бирок өкмөт башчы Данияр Үсөнов долбоор сунушталган формада кабыл алыныш керек деп айтып, депутаттардын сунуштары 20-октябрдагы президенттин сөзүндө айтылгандарга каршы келерин эскертти. Талкуу уланып жатат.(AiT)