Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

Исхак Раззаковду эскерүү кечеси өтөт


И. Раззаковдун туулган күнүнө карата эскерүү кече бүгүн анын үй музейинде болот. Ага аны менен чогуу иштешкен мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Токтосун Ниязалиев, Күмүш Суранова, Кеңеш Жаманкулов сыяктуу замандаштары катышат. Бул тууралуу аталган музейдин деректири Гүлзат Касымова "Азаттыкка" билдирди. И. Раззаков 1910-жылы 25-октябрда туулган. Ал 1945-50-жылдары Кыргыз ССР министрлер кабинетин башкарган. 1950-61-жылдарда Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Ал 1979-жылы Москвада каза тапкан. Сөөгү Москвадан Бишкекке 2000-жылы алынып келинип, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. И. Раззаковдун үй музейи 2005-жылы 20-декабрда ачылган. Эмдиги жылы анын 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленгени жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG