Бул тууралуу “Азаттыкка” Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлери баштапкы көрсөтмөсүн өзгөрткөн. Алардын бирөө тополоң уюштуруу боюнча БЭКтен буйрук келгени боюнча маалымат алганын билдирип, аны С. Аргынбаевдер ишке ашырды, деп каралаган. БЭК Петровка жаңжалында камакка алынгандардын ишинде саясий буйрук бар экенин белгилеп келет. 26-апрелде Петровка айлында төрт жашар кызды күрт улутундагы жигит зордуктап койду деп жаалданган эл айылдагы күртөрдүн көчүп кетишин талап кылган. Тополоңду уюштурду деген шек менен “Болуш” бирикмесинин жетекчиси Сапар Аргынбаев, “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбев жана укук коргоочу Уран Рыскулов камакка алынган. Бул иш боюнча соттук териштирүүлөр 3-ноябрда уланат. (EBM)