Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Кыргызстандагы диний кырдаал талкууланат


28-октябрда Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын мүчөлөрүнүн кезектеги жыйынында диний тармактагы кырдаал талкууланат. “Ак жол” фракциясынан депутат Ажибай Калмаматовдун айтымында, учурда Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн диний бирикмелердин жана уюмдардын саны эки миңден ашты. “Адистердин баамында, тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик партияга мүчө болгондордун саны 20 миңге жетип калды. Ушундан улам “Ак Жол” партиясы бул маселени кезектеги жыйынында карайт” деди А.Калмаматов. (ZMa)

XS
SM
MD
LG