Президент Курманбек Бакиевдин Жарлыгы менен Эрлан Жамгырчиев Мамлекеттик материалдык резервдер корунун директору, Надырбек Турганбаев Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору, Бакыт Закиров Каржы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы болуп дайындалды. (ZMa)