Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Жаңы өкмөткө экономиканы көтөрүү жүктөлдү


Бул тууралуу КР президенти К. Бакиев бүгүн Сузак районундагы бир катар ишканаларды кыдырып, андагы жумушчулар менен баарлашкан учурда билдирди. Мамлекет башчы мурдагы өкмөт да жаман иштебегендигин айтып, ошондуктан, басымдуу министрлер менен башка жетекчилер мурунку ордуларына калтырылганын белгиледи. “Жаңы өкмөт өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө милдеттүү, бул деген –элдин жашоосун жакшыртууга аракет кылат. Мамлекеттик башкаруу системасынын башкы максаты –мына ушул болчу,” деди президент К. Бакиев.

Мамлекет башчы бүгүн Сузак районунун 90 жылдыгына арналып өткөрүлүп жаткан иш-чарага катышары да күтүлүүдө.

Президенттин мамлекеттик башкаруу системасын жаңылоо аракети оппозициянын сын пикирине кабылып, мамлекет башчы муну менен бийликтин басымдуу бөлүгүн өзүнө алып алды, деген ойлорду жаратууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG