Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Чек ара бузуп киргендер Ворухка эмес, Сурхка качканы аныкталды


Бул маалымат Исфара шаарында 18-октябрда жок кылынган куралчан топтун колго түшкөн бир мүчөсүн сураган учурда аныкталган, деп билдирди КР чек ара кызматынын басма сөз катчысы Жоодар Исаков “Азаттыкка”. Анын айтуусунда 14-октябрь күнү Баткендин Кожо-Карын ашуусунан чек араны бузуп кирген куралчан топ кыргызстандык чек арачылардын каршылыгынан улам Тажикстандын Ворух анклавына качкан түр менен жалган из калтырып, өздөрү аялдарча кийинип, Тажикстандын Сурх айылына бир-бирден өтүп киришкен. Андан ары Исфара шаарына өтүп орун алган жеринен тажик күч кызматкерлери куралчан топтун төртөөнү өлтүрүп, бирөөнү кармашкан.

Бүгүнкү күндө Баткендеги чек ара аймагында кырдаал тынч. Ошентсе да чек ара кылдат кайтарууга алынган. Куралчан топтун качып кеткен мүчөлөрүн издөө иштери да уланып жатат, дейт КР чек ара кызматынын маалымат катчысы Жоодар Исаков.

Мурда кабарлангандай 14-октябрь күнү Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен Кожо-Карын ашуусун он чакты куралчан адамдар мыйзамсыз ашып киришип, кыргыз чек арачыларынын каршылыгынан улам Тажикстандын Ворух анклавына качып киргени маалымдалган. Бул окуяга байланыштуу кыргызстандык күч органдарынан түзүлгөн атайын топ бир нече күн Ворух анклавын курчоого алып турган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG