Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

Түркмөнстан - Кытай газ кууру жакында даяр болот


Айрым маалыматтарга караганда, Түркмөнстан Кытай менен туташтырган газ түтүгүнүн өз бөлүгүн салып бүттү. Куур Каспийден алынган газды Өзбекстан жана Казакстан аймактары аркылуу Кытайга жеткирип турмакчы. Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттары ал ушул декабрда ишке кирет деп кабарлашууда. Кытайдын улуттук компаниясы 30 жылга кол койгон келишимге ылайык, жаңы түтүк жылына 30 миллиарддай куб метр газ ташыйт. Учурда түркмөн газынын басымдуу бөлүгү Россия аркылуу экспорттолот.

XS
SM
MD
LG