53 жаштагы эколог Андрей Затока ушул шейшембиде Түркмөнстандын түндүгүндөгү Дашауз шаарында камакка алынган эле. "Азаттыктын" түркмөн кызматы билдиргендей, Затока базарда өзүнө кол көтөргөн кайырчыны кармап алат, бирок жете келген полиция активисттин өзүн камакка алат. Экологиялык багытта иштеген Затокага «тартип бузган, адамдын денесине залал келтирген» деген айып тагылууда. Затока 2006-жылы да "ээн баштык" боюнча кармалып, эл аралык коомчулуктун кысымы менен эки айдан кийин бошотулган. Сот аны өлкөдөн үч жылга чейин кетпөөгө милдеттендирген. Затока өзүнө коюлган айыпты саясий кысымга алуу деп мүнөздөөдө. Аны бошотууну талап кылган экологдор жана жакындары 27-октябрда Москвадагы түркмөн элчилигинин алдына пикетке чыкканы жатышат.