Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Ооганстанда президенттик шайлоо өнөктүгү башталды


7-ноябрга белгиленген экинчи айлампада учурдагы мамлекет башчысы Хамид Карзай мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла менен ат салышат. Бириккен Улуттар уюму колдогон атайын комиссия өзүнө берилген добуштардын бир кыйласын күчүнөн кетиргенден кийин Карзай дагы бир айлампага макул болгон. БУУнун Ооганстандагы улук өкүлү, норвегиялык дипломат Каи Ейде кечээ экинчи айлампада биринчисинен азыраак эреже бузуулар болоорун болжолдоп, бирок аларды толугу менен болтурбай кою мүмкүн эмес деп эскертти. Шайлоо мезгилиндеги көз боемочулуктун алдын алуу далалатында көптөгөн жергиликтүү шайлоо өкүлдөрү алмаштырылып жатат. Бүгүн талибдер келерки айдагы шайлоону бойкоттоого чакырышты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG