Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Пакистанда талибдер менен согуш уланууда


Пакистандын армиясы Ооганстан менен чек аралаш Түштүк Вазиристанда ири масштабдагы операцияларын улантып жаткандыгын бышыктады. Кечээ ишембиде армия пакистандык талиптердин ана башы Хакимулла Месуддун таяныч шаары болгон Коткайды каратып алышкан.

Кызыл Чырым уюму мыйзамсыздык өкүм сүргөн аймакта зордук-зомбулук күч алып жаткандыгын эскертүүдө.

Андай зомбулуктан качкандардын бири Фатех Хан Ройтерс агенттигине көп тургундар итке минген кедей болгондуктан, аларга качыш да кыйын экендигин билдирдип:

- Биз өкмөттөн согуштук операциянын мезгилинде биздин үйлөрдү бузбагыла, алар талкаланса, бизге кайра куруш кыйын болот деп суранабыз.

Анын аралыгында, Балучистан дубанында мотоцикл минген киши дубандын Билим берүү министрин атып кетти. Кветта шаарындагы кол салууда Шафик Ахмед Хан ооруканага бараткан жолдо көз жумду.

XS
SM
MD
LG