Гондурастын бийликтен кулатылган президенти Мануэл Селая кызматына кайра кайтарына ишенет. Бирок саясий кризисти жөндөө максатында өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр жемиш берген жок. Төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келген Роберто Мичелетти Селая мамлекет башчылыкка умтулуудан баш тартса, ал дагы кызматынан кетерин айткан. Бирок Селая ал сунушту четке какты. Ал “Глобо” радиосуна берген интервьюсунда 29-ноябрь күнкү шайлоонун жыйнтыгын эч ким тааныбайт жана азыркы бийликтин эл аралык изоляциядан чыгуу аракетин көрүүдөн башка аргасы жок деп билдирди.