Мындай маалыматты бүгүн окуу жай алдына нааразычылык акциясын уюштурган студенттер «Азаттыкка» билдиришти. ОшМУнун студенти, «Реал Кут» жаштар уюмунун лидери Эрнис Нурматовдун айтымында, учурда митинг уюштурган студенттерге ачык коркутуулар башталды. Ушул чакта митингге чыккан студенттер таратылып, окуу жай жетекчиси Муктар Орозбеков бүгүндөн тарта жатакана баасы 4 миң сомдон 3 миң сомго арзандай тургандыгын, окуу үчүн келишим акы да мурдагы баасынан бир кыйла төмөндөөрүн убада кылды.
Эгерде бир жуманын аралыгында талаптар аткарылбаса студенттер маалымат жыйынын өткөрүп, сабакка катышуудан баш тартышып, ачкачылык жарыялоого чейин барышаарын маалымдашты. Уюштуруучулардын айтымында, факультеттерде камалып турган студенттер дале сыртка чыгарыла элек/(JA)