Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:13

О. Малеванная АКШ мамкатчысынын өкүлү Д. Крол менен жолукту


Президенттик катчылыктын жетекчиси Оксана Малеванная АКШнын Мамлекеттик катчысынын өкүлү Джордж Крол менен Кыргызстандын башкаруу системасындагы болуп жаткан реформаны жана эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Анда Джордж Крол Кыргызстандагы реформаларга АКШ тарап өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын жана бул өзгөрүүлөрдүн ийгиликтүү болооруна ишенерин билдирди. Оксана Малеванная өз кезегинде реформанын негизги багыттары туурасында айтып жатып, келечекте Президенттик институттун жаңы структурасында тышкы саясий мамилелерге өзгөчө басым жасаларын белгиледи.(AzK)

XS
SM
MD
LG