БУУнун Атомдук энергия боюнча эларалык агенттигинин (МАГАТЭ) төрт эксперти Тегеранга жекшембиде барган жана Кум деген шаарда уран байыта турган заводду көрүштү. Иранда уран байыта турган дагы бир заводу бар экенин дүйнө сентябрда гана уккан. Батыш буга камтамачылыгын күчөтүп, акыр аягында Женевада өткөн аптада Иран менен бирге отуруп, экинчи заводду да текшере турган болушкан эле. Батышта айрым мамлекеттер Тегеранды атомдук бомба жасаш үчүн уран байытып жатат деп айыпташууда. Иран болсо бул айыптоолорду четке кагып келет. Иран эми уранды өзүндө эмес, сырттан байытып алып кирүү тууралуу Коопсуздук кеңештин сунушуна да жакынкы күндөрү жообун берээрин айтты.