Айрым кабарларга караганда, Иран ислам революциясынын сакчылар корпусунун 11 мүчөсү Пакистан аймагына мыйзамсыз өткөндүгү үчүн кармалды. Мындан бир аптадай мурун Иранда жанкечтинин жардыруусунан 42 киши, анын ичинде армиянын жогорку 6 өкүлү набыт болгон. Сунилердин "Алланын жоокерлери" деп аталган тобу теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Тегеран топ өз ишин Пакистандан алып барууда деп ырастоодо.