Түрк өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган Тегеранга сапар менен барды. Визиттин маалында Иран менен алакаларды өрчүтүү маселеси талкууланмакчы. ИРНА маалымат агенттигинин кабарлоосуна караганда, Эрдоганды аба майданында Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки тосуп алды. Түрк премьери Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи жана президент Махмуд Ахмадинежад менен жолугушмакчы. Ошол эле агенттик эки өлкө ортосундагы соода көлөмү жылына 12 миллиард дооларды түзөрүн жана Түркия менен Иран аны көбөйтүүнү кааалашарын маалымдайт.