Бул маалыматты “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын транзиттик борборунун коомчулук менен байланыш бөлүмү тастыктады. Айрым кабарларга караганда, Испания жана Франция куралдуу күчтөрү Кыргыз бийлигинин уруксатын ала албай, "Манастагы" аскерлерин алып кетүүгө тийиш болууда. Cadena Ser радиосу дипломатиялык булактарга таянып кабарлаганына караганда, 13-октябрда Испания 60тай жоокерин жана Геркулес С-130 деген эки учагын "Манастан" Ооганстандын Герат базасына убактылуу которууга мажбур болду.
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттик кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы Эрик Арсалиев француз жана испан аскерлеринин “Манас” аба майданынан чыгып кетүүсүнө финансылык маселелер себеп болушу мүмкүн экендигин “Азаттыкка” билдирди. (AJ)