“Манас” эл аралык аба майданындагы Транзиттик борборго Франциянын аскердик курамы кайра кайтып келиши ыктымал. Бул туурасында "Азаттыкка" Франциянын Кыргызстандагы аскер-атташесинин орун басары майор Эдуард Руше билдирди. Анын айтымында, учурда эки өлкөнүн ортосунда аскер күчтөрдү жайгаштыруу боюнча жаңы бир жылдык келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Буга чейинки мындай келишимдин аяктагандыгына байланыштуу эки жума мурун Франциянын аскердик курамы өлкөдөн чыгарылган эле. Алар эки жумадан бери Дүйшөмбү шаарында токтоп турушат. Француз аскердик курамы Кыргызстанга 2002-жылдан бери жайгашып, Ооганстанда аскердик учактарды абада күйүүчү май менен камсыздоого катышып келет. (AzK)