Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Барскоондо ат чабыш болот

“Кыргыз аты” коомунун жетекчиси Жаклин Рипардын билдиришинче, ат чабыш көчмөн кыргыздардын салтына арналган 4-фестивалдын алкагында өткөрүлөт. Анда кыркка жакын кыргыз аты 35 чакырым аралыкка чабылат. Иш чарада салттуу ат оюндары менен катар эле айтыш, көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулат. Фестивалдын негизги максаты – ат менен байланышкан кыргыз маданиятын кайра жандандыруу. Фестиваль 31-октябрдан 1-ноябрга чейин Ысык-Көл областынын Барскоон айылында өтөт. (AzK)
XS
SM
MD
LG