Босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Караджич Гаагадагы сотко жарыялаган бойкотун улантууда. Ага 1992-95-жылдары Босниядагы согуш маалында болгон 11 кылмыштуу иш боюнча кине тагылган, алардын арасында Сребреницада 8000дей мусулман эркек кырылганы үчүн да жооптуу саналат. Караджич өзү бардык айыптарды четке кагууда.