Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:04

ЕБ Өзбекстанга каршы акыркы санкцияны токтотту

Укук коргоочулардын тынчсызданууларына карабай, бүгүн Люксембургда чогулган Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Өзбекстан менен курал-жарак соодасына тыюу салган чечимди жокко чыгарышты. Европалык министрлер алар соңку санкцияны токтоткону үчүн өзбек өкмөтү адам укуктары менен мыйзамдуулукту сактоо ишин жакшыртат деген үмүтүн айтышты. Өзбекстанга каршы санкциялар 2005-жылы Анжияндагы коогалуу окуядан кийин киргизилген эле, укук коргоочулар анда көчөгө чыккан жүздөгөн демонстранттар атып өлтүрүлгөнүн билдиришкен.
XS
SM
MD
LG