Украинанын президенти Виктор Ющенко кечээ президенттик шайлоого талапкер катары катталды. Киевде 2 миңдей колдоочусу алдында сүйлөгөн президент ат салышка демократияны өрүкндөтүү үчүн катышып жатканын айтты. Ющенко 2004-жылы саргылт революциянын натыйжасында бийликке келген. Бирок соңку сурамжылоолор көргөзгөндөй, аны азыр калктын 6 пайыздайы гана жакытырат. Ошол эле сурамжылоолорго ылайык, эң көп колдоого россиячыл Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович ээ. Анын артында премьер-министри Юлия Тимощенко баратат.