Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

Өзбекстан энергетика түйүнүнөн чыгууну кийинки жылга калтырды


Бул тууралуу КР 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Өзбекстан энергосистемасындагы техникалык жетишпестиктерди ордуна келтирмейинче, Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетика түйүнүнөн чыгууну келерки жылга калтырууну чечкен.

Өзбекстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык системадан 17-октябрда чыгарын жарыя кылган.

Кыргызстандагы адис Базарбай Мамбетов “Азаттык” менен болгон маектешүүсүндө: “Өзбекстандын энергосистема линиясында 50 Герц деген бар, көрсөткүч 50 Герцтен төмөн түшүп кеткен учурларда алар бизден улам сурап, “жогорулатып койгулачы, жыштыкты кармап бергилечи,” деп кайрылып турушчу. Биз Токтогул суу сактагычынан энергияны көбүрөөк чыгарып, алардын өтүнүчүн аткарып, көбөйтүп берип турчубуз,” деп билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG