Кайрылуу СИЗОнун башчысы Э. Намазбековго багытталган. Ага кол койгон 10 киши 2009-жылдын 23-июль президенттик шайлоо күнү Балыкчы шаарында башаламандыкка катышкан деген оор беренелер менен негизсиз ак жеринен караланып, чындык бурмаланып, 3 айдан бери камалып отурганын белгилешкен. Ошондой эле анда 23-июль шайлоо күнү шайлоодогу бурмалоо болуп жаткандыгы жөнүндө жазылган актыларды бийликке жеткирели деп чогула баштаган элди күч органдары кулак тундурган гранаталарды жардыруу менен кууп, сабап киришкен деп айтылат: “Маска тагынган кара кийимчендер дубинкалар менен сабап, ошол жерден 10-15 кишини салып кетип, милиция бөлүмүнө алпарып камап салышкан. Маскачандар, тергөөчүлөр эки күн күнү-түнү сабашып, жерге отургузбай, бири-бирибиз менен сүйлөштүрбөй, сөгүп, коркутуп, түшүнүк каттарды өздөрүнүн айтуусу менен жаздырып уктатпай кармашкан. Ошол сурактарда бирөөбүзгө да адвокат катыштырган эмес. Бизге коюлган айып беренелери кандай күнөөлөргө коюларын түшүндүрүшкөн жок. Эки күн ар кандай кордуктарга туш болдук. Биздин конституциялык укуктарыбыз сакталбай, тескерисинче, тепселенгендигин, бизден мыйзамсыз түшүнүктөр алынганын, Кылмыш жана жаза Беренелери өтө одоно бузулганын адвокаттар айтып, жазуу түрүндө да берип келишет,” деп билдиришет кайрылуу ээлери.
Мындан тышкары алар Балыкчы окуясы боюнча ишти караган сот Болот Дүйшенбиев сотко чакырылган күбөлөр кармалган адамдардын эч бирөөсүнүн күнөөсү жок деп далилдеп турушса да, адилеттик кылуудан баш тартууга аракеттенди деп билдиришет. Сот залында отургандар баарысы “бул сот курамынан чындыкты, адилеттүүлүктү күтүүгө болбойт” деген чечимге келип, ошол себептүү Балыкчы шаарынын соту Б. Дүйшенбиевден баш тартылганын, бирок ал бир да жолу канааттандырылбаганына нааразылыгын билдиришкен.
Мурда кабарлангандай Балыкчы окуясы боюнча айыпталып, Каракол СИЗОсунда отурган он киши ачкачылык жарыялашты. Алар өздөрүнүн иши чындык, адилеттик менен чечилгиче ачкачылык акциясын токтотпой тургандыгын билдиришүүдө.(ZKo)