Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:51

«Ата мекенчинин» үйү мыйзамсыз тинтилди

Партиянын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев уюмдун Базар- Коргон районундагы мүчөсү Балтагул Маматкуловдун үйүн өзү жок кезинде белгисиз төрт киши уруксатсыз аңтарып- теңтергенин билдирди. Алар үйдөгү жаш балдарды коркутушуп, Маматкуловдун компьютеринен зарыл маалыматтарды издешкен. Ал үйүнө жетип барганда чыга берген бейтааныш кишилер тинтүүнүн себептерин түшүндүрүшпөй, аты- жөнүн, кайсы кызматтан келгенин айтышпаган. Күбөлүктөрүн көрсөтүшпөй, үй ээсинин суроосуна «шаардан, кылмышкерлерди издөө бөлүмүнөн болобуз» дешип, шаша- буша « Фольксваген» автоунаасы менен кетип калышкан. (YA)
XS
SM
MD
LG