Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:17

Нарында түшүм былтыркыдан 13 миң тоннага көп


Нарын облусунда ала жазда 34 267 гектарга дан эгин айдалган. Бүгүнкү күнгө карата кызыл жыйноо негизинен аяктады. Алдын ала алынган эсеп-кысап боюнча 32 283 гектардын арпа-буудайы жыйналды. Облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Нарынбек Карыбеков 747 гектар дан аянтын добул уруп кеткендигин белгилейт. Ал эми миң гектарга жакын жердин эгини чөпкө чабылган. Ошондой эле бир катар дыйкан-фермерлердин арпа, буудайлары бышпай калгандыктан орулган эмес. Бирок түшүмдүүлүк өткөн жылдагыдан 8 центнерге жогорулап, быйыл дүң түшүм 79 767 тоннага жеткен. Бул көрсөткүч 2008-жылдагыдан 13,5 миң тоннага көп дегендикти билдирет. (KUs).

XS
SM
MD
LG